current location : Lyricf.com
/
Songs
/
See You Again [Kyrgyz translation]
See You Again [Kyrgyz translation]
turnover time:2024-10-05 01:30:58
See You Again [Kyrgyz translation]

Сенсиз бул күн узак болду, досум,

Кайрадан көрүшкөндө, бүт бардыгын сага айтып берем.

Ал баштаган күндөн бери биз узак сапар өттүк.

Кайрадан көрүшкөндө, бүт бардыгын сага айтып берем.

Кайрадан көрүшкөндө

Ким билген, дүйнөнүн баарын айланып учуп,

Ошончо бирге өткөзгөн жакшылыкка карабай,

Мен сенин алдыңда ушул жерде туруп,

Жолубуз ар башка деп айтат экенимди?

Жол жүрүп көңүл ачканды жакшы көрөт элек, билем.

Бирок, бул көпкө созулбайт экенин бир нерсе айтып турган.

Болуп жатканга көздү ачып карашым керек эле.

Ал күндөр кыйын иштерден турат эле, эми алар бааланып, азыр сени эң сонун жерде көрүп турам.

Кантип үй-бүлө жөнүндө сүйлөбөй коёбуз, биздин бүт нерсебиз үй-бүлө болуп турса?

Менин башымдан эмне өтсө да, сен мен тарапта турдуң.

Азыр болсо сен менин жанымда акыркы сапардасың.

Сенсиз бул күн узак болду, досум,

Кайрадан көрүшкөндө, бүт бардыгын сага айтып берем.

Ал баштаган күндөн бери биз узак сапар өттүк.

Кайрадан көрүшкөндө, бүт бардыгын сага айтып берем.

Кайрадан көрүшкөндө.

Башында биз бир жолго түштүк

Жана чөйрөбүз да бекем болчу.

Ошол бир аз нерсе достукка айланды,

Достук болсо өзгөчө байланышка айланды,

Бул байланыш эч качан үзүлбөйт.

Бул сүйүү эч качан жоголбойт.

Боордоштук эң башкы болуп турганда, ал чектен эч качан чыкпайсың.

Биз өзүбүз аны түзөбүз,

Качан ал чектин сызыгын чийгенде,

Биз ал чекке жеткен болобуз,

Ошондо мен кеткенде, эстей жүр мени.

Кантип үй-бүлө жөнүндө сүйлөбөй коёбуз, биздин бүт нерсебиз үй-бүлө болуп турса?

Менин башымдан эмне өтсө да, сен мен тарапта турдуң.

Азыр болсо сен менин жанымда акыркы сапардасың.

Жарык нур сага жол көрсөтүп турсун,

Ар бир баскан кадамды эсиңе сактап кал.

Кайсы жолду тандасаң да, ар дайым үйгө багыттайт.

Сенсиз бул күн узак болду, досум,

Кайрадан көрүшкөндө, бүт бардыгын сага айтып берем.

Ал баштаган күндөн бери биз узак сапар өттүк.

Кайрадан көрүшкөндө, бүт бардыгын сага айтып берем.

Кайрадан көрүшкөндө.

Comments
Welcome to Lyricf comments! Please keep conversations courteous and on-topic. To fosterproductive and respectful conversations, you may see comments from our Community Managers.
Sign up to post
Sort by