Эгерде досуң кокустан
Дос эмес, кас эмес болуп чыкса,
Ошол замат биле албасаң
Жакшыбы ал же жаманбы, –
Жигитти тоого тарт – тобокелге сал!
Аны жалгыз таштаба,
Сени менен бир жипте болсун –
Тиякта түшүнөсүң ким экенин.
Жигит тоодо анча эмес болсо,
Заматта шалдырап ылдый кетсе,
Мөңгүнү басар менен шылкыйса,
Буту тайса эле чыңырса, –
Анда жаныңда – чоочун (адам),
Аны тилдебе – кубала:
Өйдө жакка мындайды албайт да биякта
Андайлар жөнүндө ырдабайт.
Эгер кыншылап-кыңылдабаса,
Кабагы бүркөк, ачуулуу болсо да басса,
Аскадан сен кулаганда
Ал онтолосо да кармап турса,
Артыңан урушка бараткандай жүрсө,
Чокуда мастай болуп турса, –
Демек өзүңө эле болгондой
Ишенгин сен ага.