О, гитара, гитара.
Гитарам менин, көөнүңдү кенен аччы мага.
Ырда, сайра, гитара
Манжаларымдын алдында, бирок бакыт жөнүндө.
Андалуз жүрөгүңө
Өтө эле көп улутунуу салып койсом
Пайдасыз ыйларды кууп сал
Экинчи аларды кеп кылбастай.
Эс-акыл жетпеген нерселерди
Сөзү жок айтып бер,
Менин көр дүнүйөлүк гана сөзү бар
Жаагым жап болгондой.
Сайраган менин гитарам,
Үнүңдө бир чымчык жашынган.
Ал кайтарган каалга
Ачылат бизге кез-кезде.
Аякта, кара, сыйкыр бак бар
Эч нерсе өлбөс түбөлүк.
Аяктагы кечелерде болочок күндөр камтылат.
Ошол кол жетер жерде эле.
Обонуңда
Не гана керемет жайлар бар
Өзүм болсо турамын
Көздөрүм боёкторуна уялып.
О, кереметтүү гитара,
Бүт кылдарың дирилдегенде
Жомоктогудай дүйнө
Жансыз жыгачтан бүткөн жүрөгүңдү тирилтет.