Ачыгыңды айтчы
Ал сыйкырлар сенде кайдан?
Сенсиз мен бүт күндөрү
Капанын туткунундамын.
Балким бу токойлордо
Сыйкырдуу даба издедиңби?
Күн-рутаны таап
Башымды айланттыңбы?
Кайырма:
Кызыл рутаны1
Кечинде издебегин.
Сен менин жалгызымсың,
Сен гана, ишен.
Анткени сулуулугуң
Анык тунук суу.
Ал көк тоолордон
Шар аккан суунун өзү.
Түшүмдө сени көрөм
Жапжашыл токойлордо.
Унутулган из менен
Мага сен келесиң.
Мага алып келбей эле кой
Үмүттүн гүлүн,
Анткени сен бая эле
Менин кыялыма киргенсиң.
Кайырма:
Ал көк тоолордон
Шар аккан суунун өзү.
1. Карпат тоолорунда өскөн гүл. Аны кызыл кезинде кыз үзүп суусун (дары кылып) жигитке берсе өзүнө тартып алат деген уламыш бар.