Бул кечте өлөм, мени эчким токтото албайт,
Сен да токтото албайсың, жылдыздар токтото албайт.
Жардай кулап түшөм көздөрүңдөн
Көздөрүң мени токтото албайт.
Түштөрүңдө кыйкырам, коркунучуң болуп өлөм.
Бир ыр жазам, бир ыр ырдайм,
Бир сен болом, бир мен өлөм.
Бул кечте өлөм сен үчүн гана.
Мени өлүм да түшүнө албайт.